Борбор калаада сентябрга пландалган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары өттү.Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда дүйнөлүк бул иш-чараны өткөрүүгө даярдык активдүү башталганын айтты. Эске салсак, 2026-жылы Кыргызстан VI Көчмөндөр оюндарын кабыл алат.
Ири спорттук, маданий иш-чарага даярдык, өзгөчөлүктөрү тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча эл аралык секретариаттын жетекчиси Нурсултан Аденов суроолорго жооп берди.