Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жоюлушу мүмкүнБишкекте болочок журналисттер үчүн "Евразия" медиа мектеби ачылатСадыр Жапаров Казакстандын ТИМ башчысы Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алдыАлдыда кененирээкСадыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Ата шаарында кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгы, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлор, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси талкууланды. Жапаров мамлекеттер аралык мамилелерди ырааттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, бардык деңгээлдеги саясий диалогду тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары боордоштук алакаларды чыңдоого, айрыкча Казакстандын президентинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдык көрүү үчүн маанилүү экенин билдирди. Өз кезегинде Мурат Нуртлеу мамлекет башчылары койгон милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин маалымдады.
Кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жокко чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди. Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен кошумча акы алуу боюнча талдоо жүргүзүлүүдө. "Бул акы алууну мыйзамсыз деп айтууга болбойт. Ошол эле учурда анын негизсиз кошулганы кардарлар тарабынан айтылууда. Мындан улам тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо боюнча кыймыл башталды. 1-сентярга чейин бул багытта сунуштар берилиши керек", — деди Орозбаев. Мындан тышкары, музыка, залдагы орундуктар жана башка кызматтар үчүн акы алууга тыюу салуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Чүй облусундагы "Кемин" заставасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Ачылыш аземге Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев жана Чүйдүн башчысы Канат Жумагазиев катышкан.Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан комплекстин казармалары жабдылып, кызматтык бөлмөсү, кампасы, мончосу, ашканалары, унаа токтотуучу жайы, иттер үчүн жайлары толугу менен жаңыртылды. Спорт аянтча салынып, аймак толугу менен жашылдандырылды. "Кемин" чек ара заставасынын өздүк курамы 200 чакырымга жакын мамлекеттик чек араны кайтарууга жооптуу. Бул тилкенин басымдуу бөлүгүн (дээрлик 90%) тоолор ээлейт, калган бөлүгүн түздүк жана Чүй дарыясын бойлой өткөн суу чек арасы түзөт.
Бишкекте болочок журналисттер үчүн "Евразия" медиа мектеби ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде уюштуруучулар билдиришти. Долбоорду "Слово Кыргызстана" редакциясынын базасында "Евразия" уюму ишке ашырат. Бул медиамектеп басма сөз, теле, радио жана санариптик журналистика боюнча жаңы муундагы журналисттерди даярдаган аянтча болот. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору — башкы редактор Елена ЖолОбова медиамектеп актуалдуу контент жаратып, түз эфирде иштеп, ар кандай форматта иштей ала турган универсалдуу журналисттерди тарбиялоого шарт түзөрүн белгиледи."Биз журналист чындыкты гана айтууга тийиш деп ойлойбуз. Анткени коомдун ишеними акыйкатка байланган", — деди ал. Жолобова медиамектепте кесиптик жана этикалык даярдыкка өзгөчө көңүл буруларын жана ментор катары өлкөдөгү тажрыйбалуу журналисттер тартыларын кошумчалады. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов жаштар маалыматты текшерүүнү, этиканы сактоону жана аудитория менен иштешүүнү үйрөнөрүн айтты.