Жай келип, аптаптуу мезгил башталды. Жайында тамак-ашка уулануу коркунучу эселеп көбөйөт. Быйыл жыл башынан бери эле бир нече массалык уулануу орун алып, ондогон коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул коомдук тамактануучу жайларда жүрүп жаткан рейддер алардын натыйжалары жана дегеле коомдук тамактануучу жайлардагы абалды жакшыртуу багытында жүрүп жаткан иштер тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Кундуз Есенгулова жооп берди.