Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Ысык-Көлдө "Рух санат" фестивалы башталдыЛавров ЕККУну Россиянын ички ишине кийлигишти деп айыптадыАйыл чарба тармагынан түшкөн салык соңку беш жылда төрт эсе өскөнү айтылдыАлдыда кененирээкАкыркы беш жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушу бүттү. Бул тууралуу минкаб башчысы Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Филармониядагы салтанат өнөр жайдын жетишкендиктерин жана борборубуздун көрүнүшүн өзгөрткөн жаңы курулуштардын көргөзмөсү менен башталды. Иш-чарада Касымалиев курулушчуларды, архитекторлорду, инженерлерди, өнөр жай ардагерлерин куттуктап жатып, акыркы жылдардагы аталган тармактын ийгиликтерин белгиледи. "2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8 пайыздан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына рекорддук сумма — 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды. Акыркы беш жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушу бүттү", — деди Касымалиев. Минкаб башчысы курулушчулар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, Үч-Чоку лыжа базасынын, аймактык аэропорттордун жана көптөгөн маанилүү объектилердин курулушуна салым кошууга тийиш экенин белгиледи.
Соңку беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык төрт эсеге өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. "Учурда өлкөнүн айыл чарбасынан түшкөн жыйымдардын жалпы суммасы 3 миллиард 516 миллион сомго жетти", — деп айтылат маалыматта. 2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктар төмөнкүдөй көрсөткүчтү түзгөн: 2020-жылы — 261,07 млн сом; 2021-жылы — 325,7 млн сом; 2022-жылы — 507,7 млн сом; 2023-жылы — 818,8 млн сом; 2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом. Ошондой эле 2025-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагынан түшкөн салык 563,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 76 миллионго көп экени белгиленген.
"Рух ордо" маданий борборунда "Рух санат" аттуу дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды. Бул туурасында ошол жерде жүргөн кабарчыбыз билдирди. Бул ири иш-чарага 37 өлкөдөн 130дан ашык музыкант, изилдөөчү, эксперт, продюсерлер катышууда. Алар өз элинин музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат. "Фестивалдын Кыргызстанда өтүшү жөн жерден эмес. Бул жерде муундан-муунга өтүп келген "Манас" эпосу, элдик ырлар, кол өнөрчүлүк сыяктуу салттар кылдат сакталган. Көчмөн жашоо философиясынан калыптанган бул маданий өзөк фестивалдын негизин түзүп, Ысык-Көлдү салттуу искусствонун эл аралык борборуна айлантат", — деп белгилешти уюштуруучулар. Фестиваль 1-августтан тарта 4-августка чейин уланат. Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп, мындан ары эки жылда бир өтүп турмакчы. "Рух санаттын" байге фонду 3 миллион сом. Алты орунга берилип, алар топтордун арасында 1,2,3-орун, солисттер арасында да ушундай орундар болорун айтышты.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Россиянын ички ишине кескин аралашууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Российская газета" басылмасына билдирген. "ЕККУнун ишмердиги катары кеңири жарнама болгон уюмдун укук коргоочу куралдары иш жүзүндө Россия менен башка катышуучу өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү үчүн колдонулган", — деди Лавров. Ал ошондой эле ЕККУнун аткаруучу түзүмдөрү айрым жагдайларды жылдап көз жаздымда калтырып келгенин белгилген.