Энергетиктер жарыкты кантип үнөмдөп жатканын көрсөтүп, үлгү алууга чакырдыАКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жакында Россияга баратСалык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби өзгөрөрүн эскертти Алдыда кененирээкМамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрөрүн эскертет. Тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 токтомуна ылайык, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө" нускамасына киргизилди. Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат: отчеттук ай үчүн ишти жүргүзүүгө киришүүдөн мурун; отчеттук мезгил үчүн кийинки айдын ичинде. Буга байланыштуу Салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн төлөөчүлөргө мөөнөттөрдү бузбоо үчүн полисти алдын ала тариздөөнү сунуштайт.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын административдик имараттары "акылдуу" жарыктандырууга өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Демилгенин максаты — электр энергиясын үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу. "Жабдуулар коридорлорго жана кабаттар ортосундагы өтмөк аянтчаларга орнотулууда. Система кыймылдын жана күндүн жарыгына карап жарык берип турат. Эгер коридордо эч ким болбосо жарык өчүп, кыймыл байкалганда күйөт. Эгерде күндүн жарыгы жетиштүү болсо өчүп калат.Бул — кыска убакытта өзүн актаган, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзгөн технология ", — деп жазылган маалыматта.Бул система орнотулган имараттарда электр энергиясын жылдык керектөө 24 миң киловатт-сааттан 17 миң 500 киловатт-саатка, тагыраагы, 27 пайызга азайганы белгиленди.
Чым-Коргон айылындагы психиатриялык оорукана оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министр Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүгө адистештирилген мекемелерди кыдырган. Сапардын алкагында Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо маселелери талкууланган.Аталган ооруканадагы 319 бейтаптын 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланып жатканы айтылды. Министр бейтапканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо үчүн кыска мөөнөттө техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жакынкы күндөрү Россияга сапар алат. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. Журналисттер ага Уиткоффтун 1-августка белгиленген Израилге сапары тууралуу суроо узатышкан. "Ишенесиңерби же жокпу, билбейм, андан кийин ал Россияга барат", — деп жооп берди Трамп. Бул билдирүү Вашингтондун Украинадагы жаңжал боюнча 10 күндүн ичинде чечим табууну талап кылган шартынан кийин айтылды. 14-июлда Дональд Трамп Москвага 50 күндүк ультиматум коюп, Киев менен тынчтык келишимине жетишүүнү талап кылган. Бирок кечээ бул мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирди. Эгер бул талаптар аткарылбаса, анда Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык импорттук бажы төлөмдөрүн киргизерин жана Россиядан мунай, газ жана башка энергия булактарын сатып алган өлкөлөргө кошумча санкциялар салынарын жарыялаган.