Бишкек шаарында күн сайын 900-1000 тоннадан таштанды чыгарылат. Жеке ишканалардын, жарандар өздөрү алып барган калдыктарды кошкондо 1300 тонна калдык ыргытылат. Борбордо таштанды маселесин чечүү максатында заманбап кайра иштетүүчү завод курулуп, ал 2025-жылдын аягында ишке кирет. Мындан тышкары шаардын көркүн бузгандарга да каршы аракеттер көрүлүүдө. Тактап айканда, мыйзамсыз жерлерге таштанды ыргыткандар аныкталып, эскертүүлөр берилип, ага да болбосо айып пулдар салынып жатат. Муну менен катар мындай жерлер видеобайкоонун жардамы менен да жоюлуда.
Бүгүнкү күндө таштанды менен жалпы 1800 кызматкер күрөшүп, 300дөн ашуун техникалар иштеп жатат.
Бул тууралуу "Тазалык"муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков маалымдады.