Салыкчылар Бишкекте каттоосу жок эмерек жасаган ишкерлерди аныктадыПекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 44кө жеттиКыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келдиАлдыда кененирээкКүн мурун Бишкекке Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация келди. Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, делегация Кыргызстандын курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышат. Курулуш министри Нурдан Орунтаев Өзбекстандан келген делегация менен жолукту. Ошондой эле аларды борбор калаадагы курулуш объектилери менен тааныштырып, курулуш жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалган. Белгилей кетсек, Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара 1-августта өтөт.
Парламенттин мурдагы депутаттары көмүр кенин мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүүлөр Нарындагы көмүр кендердин бирин иштеткен компаниянын акцияларын тартып алган. "Ж.уулу А. жана М.М. аттуу ЖКнын мурдагы депутаттары көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын ээсин коркутуп-үркүтүп, акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр кармалып, тергөө бүткүчө камакка алынды.
Бишкекте уруксаты жок жана каттоодон өтпөй иштеген эмерек чыгаруучу эки цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка караганда, салыкчылар рейд жүргүзүп, Биринчи май районундагы өндүрүш жана кампаларды текшерген."Жыйынтыгында салык органдарында каттоосу жок иш жүргүзгөн эмерек жасоочу эки цех аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, кошумча териштирүү иштери башталды", — деп айтылат маалыматта. Салык кызматы маалымдагандай, жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейддерде өлкө боюнча жалпысынан 1458 мыйзам бузуу аныкталып, жалпы 1,8 миллион сомго 1 204 айып салынган.
АКШ президенти Дональд Трамп Канадага карата соода алымдарын 1-августтан тарта 25 пайыздан 35 пайызга чейин көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу расмий Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды. Буга коңшу өлкөлөр Вашингтон тарабынан мурда белгиленген мөөнөттө макулдашууга жетише албаганы себеп болгону айтылды. "Бүгүн президент Дональд Трамп Канада үчүн бажы алымын 25 пайыздан 35 пайызга чейин көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жогорулатылган тариф 2025-жылдын 1-августунан тарта күчүнө кирет", — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө. Канаданын өз чек аралары аркылуу АКШга баңгизаттардын, өзгөчө фентанилдин агымын токтото албаганы бажы алымдарын көтөрүүнүн негизги себеби катары белгиленди.
Пекинде нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 44кө жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып, РИА Новости кабарлайт. Анда маалымдалгандай, суу ташкында 9 адам дайынсыз жоголду. Буга чейин Пекинде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 30 адам каза болгону айтылган. Эске салсак, 24-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Чаобай дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Миюнь суу сактагычына агып келген суу да көбөйгөн. Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар мамлекеттик комитети суу ташкындан кийин Пекинди калыбына келтирүүгө 200 млн юань бөлгөн.