Радио

Кыргызстанда жырылуу коркунучу бар көлдөрдү жасалма интеллект көзөмөлдөп жатат

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев өлкө аймагындагы 368 көлдө жырылып кетүү кооптуулугу бар экенин билдирди.
Sputnik
Өткөн жылы БУУнун көмөгү менен жырылуу коркунучу бар көлдөрдү көзөмөлдөгөн IT-модуль ишке кирген. Ал жасалма интеллектинин жардамы менен кооптуулукту аныктайт. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр Зындан көлүндөгү жырылууну жасалма интеллект алдын ала кабарлап, кесепетин азайтууга мүмкүндүк түзгөн.
"БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында былтыр IT-модуль даярдалып ишке кирген. Ал жасалма интеллектинин жардамы менен көлдөрдөгү өзгөрүүлөрдү аныктайт. Ага өлкөдөгү жырылып кетүү кооптуулугу бар 368 көлдүн координаты, ар биринин мүнөздөмөлөрү, буга чейинки катталган өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтардын баарын киргизгенбиз. Ушул нерселерди талдап, эсине алат. Мисалы, космостон тартылган мурдагы жана азыркы сүрөттөрдү салыштырып, температуранын өзгөрүшүн байкап турат. Маалыматтарды анализдеп бизге кабарлайт. Кооптуулук тууралуу маалымдаса биздин адисттер дагы кошумча анализдөө иштерин жүргүзөт. Бул программа былтыр июнда ишке кирген. Августта анын жардамы менен Батыш Зындан көлүндөгү кооптуулукту алдын ала аныктадык. Анын натыйжасында Туура-Суу айылынын жашоочулары коопсуз жайга эвакуацияланып, алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кесепетин азайтууга мүмкүн болду", — деди Сакыев.
Ошондой эле ал табият кырсыктарын алдын алууда мындан башка да заманбап технологиялар активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады.