БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Владимир Плоских 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университети кабарлады.
Владимир Михайлович Орто Азиянын археологиясы, этнографиясы боюнча таанымал адис болгон. Анын илимий эмгектери кыргыз элинин тарыхын, мамлекеттүүлүгүн жана маданий мурастарын изилдөө үчүн маанилүү булак, илимий иштерге негиз болуп берди.
© Фото / пресс-служба НАН КР
Ал өз өмүрүн Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана изилдөөгө арнаган. Археологиялык экспедицияларга катышып, жүздөгөн илимий макалаларды, монографияларды жана окуу китептерин даярдаган.
Окумуштуу II даражадагы Манас ордени, Даңк медалы жана Ардак грамоталар менен сыйланган.