Украинанын алты шаарынын жашоочулары нааразылыкка чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Харьковдун, Львовдун, Днепропетровскинин, Одессанын жана украин армиясы көзөмөлдөп турган Запорожьенин жашоочулары антикоррупциялык ведомствонун укуктарынын чектелишине каршы чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Себепкер болгон ал органдар — Коррупцияга каршы улуттук бюро (НАБУ) жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура.
"Кечки кырдаал туурасында айтсак, Харьковдун, Львовдун, Днепропетровскинин жана Одессанын жашоочулары нааразылыкка чыкты", — деп айтылган анда.
Буга чейин украиналык "Страна.ua" басылмасы аталган антикоррупциялык органдардын ишинин чектелишине эл нааразы болуп жатканын жазган.
Эске салсак, 22-июлда Жогорку Рада Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура (СБУ) өз алдынчалыгын жоготкон мыйзамды кабыл алган. Документке Зеленский дароо кол койгон.
Ага чейин чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында аталган мекемелердин 15 кызматкеринин үйүндө жетимиштей тинтүү жүргүзүлгөн. Алар мамлекеттик чыккынчылыкка, Россия менен соода жүргүзүүгө жана коррупцияга шектелген. НАБУнун аймактык башкармалыктарынын биринин жетекчиси Руслан Магамедрасуловду кармашкан.
Жогорку Раданын айрым депутаттары бул мыйзамды коррупцияга каршы түзүмдөрдү жоюу катары баалашууда. Алар Зеленскийдин чечимине каршы Конституциялык сотко даттанууга даярданып жатканы айтылган. Ал эми Киевде жана башка шаарларда нааразылык акциялары башталган.
ЖМКлардын маалыматына таянсак, Европа биримдиги антикоррупциялык органдардын көз карандысыздыгына байланыштуу кырдаалдан улам Киевге жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотту.
"Страна.ua" басылмасынын жазышынча, Украинада Зеленскийге нааразы болгон адамдар арбын, андан улам нааразылык акциялары уланып, күчөшү ыктымал.
Бейшембиде Зеленский НАБУ менен САПка байланыштуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Ал мыйзам аркылуу бул органдардын көз карандысыздыгын чыңдайм деп убада кылган. Парламенттин төрагасы Руслан Стефанчук Жогорку Рада бул мыйзам долбоорун 31-июлда карай турганын айтты.
Еврокомиссиянын өкүлү Гийом Мерсье шаршембиде Киевди Экономикалык коопсуздук бюросунун (БЭБ) директорун мүмкүн болушунча тезирээк дайындоого чакырды. Анткени бул мекемени реформалоо — Украинанын Европа биримдигине кошулуу боюнча милдеттенмелеринин бири болчу.
Украиналык ЖМКлар Зеленскийди бийликтен кулатуунун планы тууралуу жазышты