Айыгышкан кармаш. РСФСРдин акыркы райондорун советтик жоокерлер куткарган видео

1944-жылдын 31-июлунда советтик аскерлер РСФСРдин акыркы райондорун фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Sputnik
Псков–Остров тилкесинде немецтердин "Пантера" коргонуу сызыгын жарып өтүп, Балтика боюндагы өлкөлөрдү көздөй чабуулга даярдануу үчүн 1944-жылдын апрелинде генерал-полковник Иван Маслениковдун жетекчилигинде 3-Прибалтика фронту түзүлгөн.
Фашисттер куруп чыккан бул коргонуу тилкеси Балтика деңизине чейин жеткен. Аны жер шартын жана суу объектилерин эске алуу менен салышкан. Эң белгилүүлөрү — Великая дарыясы (Идрицадан баштап), Псков жана Чуд көлдөрү, ошондой эле Нарва дарыясы.
Операция 17-июлда башталган. Төрт айдан кийин кызыл армиячылар Остров калаасын бошотуп, душмандын ооругуна чыгат. Шаарды бошотуудагы түз милдет генерал-майор Дмитрий Лукьянов жетектеген 128-аткычтар дивизиясына жана генерал-майор Николай Поляков жетектеген 376-аткычтар дивизиясына жүктөлгөн.
23-июлга карата көчөлөрдөгү айыгышкан салгылаштардан кийин талкаланган Псков шаары бошотулган.
"Үйлөр бар эле, бирок алар көмүр сымал күйүп кеткен кара кутулардай эле болчу", — деп жазган ошол кезде "Правда" гезити. Ошол кармашта шаар 96–97 пайызга чейин талкаланды дешет.
Совет армиясынын чабуулу нацисттердин толук талкаланышы менен аяктаган. Кызыл армиянын кийинки максаты Балтика боюндагы өлкөлөрдү бошотуу болгон.