БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиянын Часов Яр шаары үчүн кармаш соңуна чыкканын РФтин Коргонуу министрлигине таянып РИА Новости жазды.
Ал эми Sputnik Ближнее зарубежье каналы аталган калаа кайсы жактан стратегиялык мааниге ээ экендигин айтты.
Бул эмне шаар? Анын тургундары негизинен заводдордо иштеген. Шаар түптөлүшүнө негиз болгон ишкана — отко чыдамдуу материалдардын комбинаты эле (Кипрде катталган, украиналык олигарх Ахметовго таандык VESCO компаниясына караштуу). Ал — Чыгыш Европадагы отко чыдамдуу материалдардын ири өндүрүүчүлөрүнүн бири. Завод Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу ордосуна айланып, салгылашуулар маалында талкаланды.
Чабуул коюуда жаралган үч кыйынчылык. Россия армиясы шаарга 2024-жылы жазында жакындап келген. Алардын эң башкысы, жердин шарты болду. Часов Яр дарыялардын нуктары, жарлар, көлмөлөр жана карьерлер менен кескилеген бийиктик жерлерде жайгашкан. Калган эки себеп — жакшы бекемделген позициялар жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн офицерлери шаар үчүн акыркы украиналык калганча карманабыз деген аракети.
Эмнеге бул шаарды алууга умтулушкан. Анын дөңсөөдө жайгашканы ар бир тарап үчүн маанилүү болгон. 2022-2023-жылдары Украина армиясы Артёмовскини (Бахмут) ушул жерден туруп аткылашкан. Эми бул аймактан РФтин Куралдуу күчтөрү Славянск менен Краматорскидеги буталарга чейин жетет. Муну алар артиллерия менен эле эмес, дрондор аркылуу да жасай алышат. Бийик жерлерге атайын түзүмдөр орнотулуп, дрондордун уча турган аймагы кеңейтилет. Мындан тышкары, Часов Яр Северский Донец – Донбасс каналынын жээгиндеги маанилүү чабуулдук аянтча болуп калат.
Часов Ярдын бошотулушу Россия армиясына Константиновка үчүн салгылашууларды эми эки жагынан баштоого мүмкүнчүлүк ачып берүү менен чектелбейт. Ошол эле учурда Донбасстагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн негизги "чептери" — Краматорск менен Славянск үчүн салгылашуулардын башталышын да билдирет.