БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров "Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзамды 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Максаты элди финансылык алдамчылыктан коргоо экени айтылган.
Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
жаран электрондук мамлекеттик портал аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү акысыз тыюу сала алат. Маалымат кредиттик бюродон жеткиликтүү болушу керек;
банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга тапшырык келгенде бюродон маалымат сурап, эгер тыюу бар болсо кредит берилбеши зарыл;
бул талаптарды бузуу менен берилген насыялар жараксыз деп табылат.