Садыр Жапаров Чолпон-Атада Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Атада кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда экономика, инвестиция жана маданият жаатында алакаларды бекемдөө жана Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу долбоорлорунун алкагында кызматташуу боюнча кеп болду.
Мамлекет башчысы боордош элдерди кылымдар бою жалпы тарыхы, маданий жакындыгы жана жалпы баалуулуктары бириктирип келгенин баса белгиледи. Бул контекстте Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана бир туугандык мамилелердин жогорку деңгээлинин дагы бир ачык далили экенин белгиледи.
Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана каалоолорун өлкө башчыга жеткирди.
Президенттик администрациянын тапшырмасы менен Намыс кодекси иштелип чыкты