Кара-Кулжада өлтүрүлгөн Айзирек Эралиеванын күйөөсү 18 жылга эркинен ажыратылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өзгөн райондук соту аялын атып өлтүргөн кишини 18 жылга кести.
Каргаша 26-майда 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунда (Ош облусу) классташтардын 20 жылдык жолугушуусуна катышып, Кара-Кулжадагы үйүнө келгенде болгон.
Милиция ал келин күйөөсүнүн колунан ок жеп каза болгонун тастыктаган. Көп өтпөй анын жолдошу кылмышка шектелип кармалган.
Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактаган блогер бир айга камалды