Гүлнара Тойгонбаева: "Интервидение – 2025" сынагы Кыргызстан үчүн маанилүү

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. "Интервидение – 2025" сынагы — Кыргызстанды эл аралык сахнага таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу ырчы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
Ал масштабдуу ыр конкурсуна катышуу республика, айрыкча аткаруучулар үчүн маанилүү экенин белгиледи.
"Бир жагынан алып караганда, бул — чоң жоопкерчилик, экинчи жагынан, өлкөдөгү ыр искусствосун өнүктүрүү үчүн маанилүү иш-чара. Жаш аткаруучулар үчүн кийинки "Интервидениеге"даярдануу үчүн мотивация болот", — деди Тойгонбаева.
Музыкалык сынак 20-сентябрь күнү Москвадагы "Живая Арена" концерттик залында өтөт. Ага 20 мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Баш байге — 300 миң евро. Кыргызстандын атынан "Номад" триосу катышат. Анын курамында ырчылар: Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар.
"Алар — биздин алтын үндүү балдарыбыз. Үчөө тең өз-өзүнчө ырдап жүргөн кезде чоң сахнага чыгууга татыктуу экенин далилдешкен. Эми үчилтик катары бул сынакта жогорку деңгээлди көрсөтүшү керек", — деди Тойгонбаева.
"Интервидение — Алтын ачкыч" эл аралык музыкалык конкурсу биринчи жолу 1965-жылы Чехословакияда өткөрүлгөн. 1977-жылдан баштап ал Польшанын Сопот шаарында "Интервидение" деген ат менен жыл сайын өткөрүлө баштаган. Ал эми 2008-жылы сынак Сочи шаарында "Беш жылдыз. Интервидение" деген аталышта уюштурулган.
2025-жылы фестивалдын жаңы этабы башталып, анын алкагында Кыргызстандын үнү кайрадан эл аралык сахнада жаңырат.
"Мейкин Азия" фестивалы Ысык-Көлдө кандай өттү. Видео