БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эттин баасына белгисиз мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.
Максаты – эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малды чек арадан алып кирүү, алып чыгууну көзөмөлдөө жана экспортоого сандык чектөө киргизүү.
Анын алкагында тиешелүү кызматтарга өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлганы кошумчаланды.