Трамп Түштүк Корея АКШга 350 млрд. доллар бере турган макулдашууга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. АКШ менен Түштүк Корея 350 миллиард долларлык долбоор боюнча макулдашты. Бул тууралуу Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды
"Түштүк Корея АКШга 350 миллиард долларлык инвестиция салат. Бул каражаттар толугу менен АКШнын көзөмөлүндө болуп, кайсы долбоорлорго жумшаларын өзүм тандайм", — деп жазды Трамп.
Сеул суюлтулган жаратылыш газын жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алуу үчүн 100 миллиард доллар сарптаары айтылды. Келишимге ылайык, кореялык рынок АКШ товарларына толук ачылат. Бул тизмеге автоунаа техникасы жана айыл чарба продукциялары да кирет.
Ошол эле учурда АКШда Түштүк Кореядан алып келинген товарларга 15 пайыздык бажы төлөмү сакталат. Ал эми америкалык жеткирүүчүлөр корей рыногуна тарифсиз кире алышат.
Маалыматка ылайык, алдыдагы эки жуманын ичинде Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Ак үйгө расмий сапар менен барат.
"Россия санкцияларды тоготпой калган". Песков Трамптын айтканына үн катты