Бул жолу “Стоп кадр” программасында биз өзгөчө долбоор тууралуу кеп кылдык. Кыргызстанда вертикалдуу форматта тартылган алгачкы сериал көрүүчүлөргө сунушталууда. "Экинчи аял" аттуу драмалык долбоор чыгармачылык топтун дебюту. Окуянын чордонуна — мурдагы “Мисс Каракол” наамын алган Малика. Сериалдын жаратуучулары риилс форматындагы фильмдер замандын талабы деп эсептешет. Кененирээк бул уктуруудан тыңдаңыз...