Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Садыр Жапаров "Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзамды 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Максаты элди финансылык алдамчылыктан коргоо экени айтылган. Мыйзамда булар каралган: жаран электрондук мамлекеттик портал аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү акысыз тыюу сала алат. Маалымат кредиттик бюродон жеткиликтүү болушу керек; банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга тапшырык келгенде бюродон маалымат сурап, эгер тыюу бар болсо кредит берилбеши зарыл; бул талаптарды бузуу менен берилген насыялар жараксыз деп табылат.
Жаны “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди . Маалыматка ылайык, бугун “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси коомчулукка тааныштырылды. Тиркеме Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти тарабынан иштелип чыккан.Ал аркылуу жарандар дары-дармектер жөнүндө маалымат алып, баасы жогорулатылгандарына даттануу таштаса болот. Андан сырткары тиркемеде башка дагы мүмкүнүлүктөр каралган. Тиркеменин иштеп чыккан Мирбек Кудуретовдун айтымында, тиркемеге дарынын атын киргизсе, учурда ошол дары бар жакынкы дарыканаларды көрсөтүп бере алат.“Ошондой эле шайкештик сертификатын колдонуу менен дары-дармектин аныктыгын текшерүү, шайкештик сертификатын колдонуу менен дары-дармектин аныктыгын текшерүү деген сыяктуу функциялары бар. Тиркеме мынан ары да жакшыртылат”,-деди ал. Тиркеме буга чейин тесттик режимде иштеп келген болсо, мындан ары толук кандуу иштей баштады.
"Интервидение – 2025" сынагы — Кыргызстанды эл аралык сахнага таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу ырчы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди. Ал масштабдуу ыр конкурсуна катышуу республика, айрыкча аткаруучулар үчүн маанилүү экенин белгиледи. "Бир жагынан алып караганда, бул — чоң жоопкерчилик, экинчи жагынан, өлкөдөгү ыр искусствосун өнүктүрүү үчүн маанилүү иш-чара. Жаш аткаруучулар үчүн кийинки "Интервидениеге"даярдануу үчүн мотивация болот", — деди Тойгонбаева. Музыкалык сынак 20-сентябрь күнү Москвадагы "Живая Арена" концерттик залында өтөт. Ага 20 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.
АКШ менен Түштүк Корея 350 миллиард долларлык долбоор боюнча макулдашты. Бул тууралуу Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп социалдык тармакка билдиргенин РИА Новости жазды "Түштүк Корея АКШга 350 миллиард долларлык инвестиция салат. Бул каражаттар толугу менен АКШнын көзөмөлүндө болуп, кайсы долбоорлорго жумшаларын өзүм тандайм", — деп жазды Трамп.Сеул суюлтулган жаратылыш газын жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алуу үчүн 100 миллиард доллар сарптаары айтылды. Келишимге ылайык, кореялык рынок АКШ товарларына толук ачылат. Бул тизмеге автоунаа техникасы жана айыл чарба продукциялары да кирет.