Мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу — билим берүүнүн сапатын жакшыртабы?

Sputnik
Өлкөдө мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары милдеттүү түрдө өткөрүлөт. Анда бардык 5–11-класстын мугалимдери заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрөт. Бул иш-чаралар билим берүү системасындагы сапатты жогорулатууга багытталган. Ошондой эле мындай даярдыктар мугалимдердин кесиптик өсүшүнө жана билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн мугалимдердин саны өсүп, быйылкы окуу жылында 40 миң мугалим өттү. Ал эми жогорку билими бар, бирок педагогикалык адистиги жок жарандар кайра даярдоо курсунан өтүп, мугалим болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк алышууда. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов маалымдады.