Президенттик администрациянын тапшырмасы менен Намыс кодекси иштелип чыкты. Тиешелүү документти Маданият министрлиги коомдук талкууга койду. Анда жаштарга, коомдук ишмерлерге жана элге арналган бирдиктүү моралдык стандарттар жазылган. "Акыркы жылдары кыргыз коомунда социалдык жоопкерчилик, өз ара сый-урмат жана мекенге берилгендик сыяктуу түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ болууда. Кыргызстан көп улуттуу жана демократиялык мамлекет катары коомдук жүрүм-турумда мыйзам гана эмес, моралдык жана маданияттык ченемдердин да күчтүү болушуна муктаж", — деп жазылган документте. Кодексти билим берүү мекемелериндеги тарбиялык иштерде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүм-турумунда, жаштар саясаты менен аскердик-патриоттук тарбияда, жалпыга маалымдоо каражаттары менен маданий иш-чаралардын алкагында, ошондой эле жарандык активдүүлүктү жана жоопкерчиликти өнүктүрүүдө колдонуу сунушталууда. Документ улуттук идентификацияны бекемдөөгө, ар бир жарандын ички маданиятын жана коомдук жүрүм-турум этикасын өнүктүрүүгө багытталган. Автоматтык эмес, ыктыярдуу жана тарбиялык мүнөздөгү демилге катары каралууда.
Кыргызстанда эттин баасына белгисиз мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эттин баасына белгисиз мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл киргизүүнүн максаты – эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малды чек арадан алып кирүү, алып чыгууну көзөмөлдөө жана экспортоого сандык чектөө киргизүү. Анын алкагында тиешелүү кызматтарга өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлганы кошумчаланды.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, таңга маал Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу жабылганын ӨКМ билдирди. "Суу болжол менен жолдун 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кеткен. Учурда жол жабык. Жерине техникалар тартылууда", — деп айтышты министрликтен.Андан сырткары, сел Кажы-Сай айылында турак үйлөрдү да каптаган. Эске салсак, кечээ Кыргыз гидрометеорология жамгыр жаап, андан улам сел кооптуулугу бар экендигин эскерткен.
Харьковдун, Днепропетровскинин, Одессанын жана украин армиясы көзөмөлдөп турган Запорожьенин жашоочулары антикоррупциялык мекеменин укуктарынын чектелишине каршы чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Себепкер болгон ал органдар — Коррупцияга каршы улуттук бюро жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура. Буга чейин украиналык "Страна" басылмасы аталган антикоррупциялык органдардын ишинин чектелишине эл нааразы болуп жатканын жазган. Эске салсак, 22-июлда Жогорку Рада Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу жана Коррупцияга каршы атайын прокуратура өз алдынчалыгын жоготкон мыйзамды кабыл алган. Документке Зеленский кол койгон. Ага чейин чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында аталган мекемелердин 15 кызматкеринин үйүндө жетимиштей тинтүү жүргүзүлгөн. Алар мамлекеттик чыккынчылыкка, Россия менен соода жүргүзүүгө жана коррупцияга шектелген.