Бишкек шаарынын аймагында жерге мунапыс берүү боюнча 36 миңден ашык арыз бар. 1-июлдан баштап арыз кабыл алуу толук токтоду. Бирок айыл чарба багытында салынып калган үйлөргө трансформациянын негизинде документ берүү процесси улана берет. Арыз бергендердин 70 пайызы документ менен камсыздалганын Уран Мусаев билдирди. Учурда чиеленишкен талаш маселелер болгондуктан иш кармалып жатканын айтты. Себеби кээ бир жер тилкелери арестке алынып калгандыктан сот аркылуу чечилет. Айрым үйлөр таштанды полигонуна жакын салынып калган. Учурда мыйзамдын негизинде атайын комиссия, жергиликтүү бийлик жана кадастр мекемелери иш алып барып жатат.