Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту. Алар Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын бекитишти.Тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусун талкуулашып, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты. Жолугушуудагы талкууланган маселелер булар: ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өз ара умтулуу бар экендигин тастыкташты; эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга биргелешип иштешүүгө даяр экенин билдиришти; мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктап, жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралардын качан, кандай кылып өткөрүүнү макулдашты.
Кыргызстанда күндөн энергия алган панелдерди чыгарган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, министр Таалайбек Ибраев "ГРК Солар Энерджи" ишканасынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташууну макулдашкан. "Министрге компаниянын Бишкектеги кеңсесинин чатырына жана дубалына орнотулган күн электр станциялары көрсөтүлдү. Эски цехтин имаратынын базасында курулган бул станциянын кубаттуулугу — 1 мегаватт. Объект сегиз ай ичинде жаңыланып, долбоордун наркы 1,1 миллион долларды түзгөн. Орточо жылдык өндүрүмү 1,1671 миллион кВт/саат болот", — деп айтылат маалыматта. Компания тиешелүү лицензияларды алып, өндүргөн электр энергиясын мамлекетке сатып жатканы айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик менен компаниянын ортосунда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган.
Түндө Ысык-Көлдүн Тамчы жана Кош-Көл айылдарын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Көлдүн түндүгүндө жүргөн сел Тамчы айылынын ички жолдорундагы эки көпүрөнү алып кетип, эки үйдүн короосун каптаган. Мындан тышкары, Кош-Көл айылында көл жээгине тигилген 30 боз үй, беш конок үй жана соода күркөлөрүн сел каптаган.Азыр тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, таңга маал Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу жабылган.
Россиянын экономикасы санкция салынган жылдардан бери ага көнүп бүттү, тоготпой деле калды. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ лидери Дональд Трамптын жаңы чектөөлөрдү киргизүү боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды. "Көптөн бери эле канчалаган санкцияларга туш болуп жашап келе жатабыз. Биздин экономика бир топ бөгөттөн, тоскоолдуктардан өтүп келе жатат. Андыктан мындай шарттарга көнүп да калдык, туруштук бере алабыз", — деген Песков. Эске салсак, 14-июлда Дональд Трамп Москвага 50 күндүк ультиматум коюп, Киев менен тынчтык келишимине жетишүүнү талап кылган. Бирок кечээ бул мөөнөттү 10–12 күнгө чейин кыскартканын билдирди.