Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети салттуу (элдик) медицина тармагында адистерди даярдоонун тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду.
Мына ушунун негизинде “Күн Башат” программасынын алкагында элдик дарыгерлерди даярдоо кандай негизде жүрөт, Жободо эмнелер камтылган, кайсы багыттар боюнча элдик медицинага күбөлүк берилет, билимин кайда жогорулатышат, лицензия берүүдө кандай талаптар коюлат, ал талаптарды аткарылбаган шартта жоопкерчилик каралганбы, ким көзөмөлгө алат, өлкөдө канча элдик табып бар жана алар кайсы багыттар боюнча иш алып барары анализге алындыбы, бул мыйзамды демилгелөөдө кайсы мамлекеттердин тажырыйбасы эске алынды өңдүү бир катар суроолорду Зуура Долонбаевага узаттык. Мейманыбыздын айтымында, учурда бул иштин биринчи эле этабы ишке кирди, алдыда жасалуучу көп иштер бар.