БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 1-август, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +32…+34 градуска көтөрүлөт.