БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшү эки жылдан бери дүйнөлүк орто ченден жогору болууда. Бул туурасында ЕЭК министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, бул биримдик 185 миллион керектөөчүнү чогултуп бирдиктүү рынок түзгөндүгү — өнүгүүнүн катализатору болду.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы өткөн жылы төрт пайызга өскөнүн кошумчалады.