Түндүк Курилдин жээктерин цунами каптаган видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Камчаткада жер силкингенден кийин биринчи цунами Түндүк Курилдин жээктерине келип урунганын Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко Telegram каналына жазды.
"Эл толкундардын кайталана турган коркунучу толук жоюлмайынча коопсуз аймактарда калмакчы", — деп жазган ал.
РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шаарга бул жаратылыш кырсыгынын зыяны тийди, балык өнөр жайы жаатында иш алып барган "Алаид" ишканасын суу каптады.
Эске салсак, шаршемби күнү Түндүк Курилде магнитудасы 7,9га жеткен жер силкинүү катталды. Ал эми Камчатканын жээгинде магнитудасы 8,7 болду дешти. Аймакта эвакуация жарыяланды.
Адистер бул 70 жылдан берки күчтүү жер титирөө болгонун айтышты.
Айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө жана гидрометеорология боюнча башкармалык төрт метрге чейин жеткен цунамини каттаган.
Камчаткада жер титиреп, цунами кооптуулугу айтылууда