ТИМ: РФтеги мигранттар 10-сентябрга чейин укуктук макамын жөнгө салышы керек

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мигранттар үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин өзүнүн укуктук макамын жөнгө салууга милдеттүү экенин эскертти.
Маалыматка караганда, тийиштүү талаптарды өз убагында аткаруу миграциялык режимди бузуу менен байланышкан терс кесепеттерди алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
"Министрлик мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана ыкчам маалымат берүү максатында Кыргызстандын Россиядагы мекемелери менен тыгыз иштешип, машстабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми консулдук мекемелердин кызматкерлери кыргызстандык мигранттар жыш жайгашкан аймактарга үүгүлтүксүз барып жатканы белгиленди.
"Россиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле расмий интернет-ресурстар жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдар жана видеороликтер үзгүлтүксүз таратылып жатат", — деди ТИМ.
Бул иштерди мындан ары дагы күчөтүү максатында Россия Федерациясына министрликтин борбордук аппаратынан кошумча кызматкерлер жиберилген.
Москванын мэри мигранттар үчүн киргизилип жаткан текшерүү ыкмаларын айтып берди