Кыргызстанда күндөн энергия алган панелдерди чыгарган завод куруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанда күндөн энергия алган панелдерди чыгарган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министр Таалайбек Ибраев "ГРК Солар Энерджи" ишканасынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташууну макулдашкан.
"Министрге компаниянын Бишкектеги кеңсесинин чатырына жана дубалына орнотулган күн электр станциялары көрсөтүлдү. Эски цехтин имаратынын базасында курулган бул станциянын кубаттуулугу — 1 мегаватт. Объект сегиз ай ичинде жаңыланып, долбоордун наркы 1,1 миллион долларды түзгөн. Орточо жылдык өндүрүмү 1,1671 миллион кВт/саат болот", — деп айтылат маалыматта.
Компания тиешелүү лицензияларды алып, өндүргөн электр энергиясын мамлекетке сатып жатканы айтылды.
Ошондой эле "ГРК Солар Энерджи" ишканасы Кытай менен биргеликте күн панелдерин чыгаруучу завод куруп, Токтогул, Таш-Көмүр жана башка аймактарга күн электр станцияларын орнотууну пландап жатканы кошумчаланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик менен компаниянын ортосунда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган.
Көлгө вьетнамдык компания күн менен иштеген электр станция курарын айтышты