БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиянын Украина менен кармашта жеңгендигин жарыялоого убакыт жетти. Бул туурасында АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун РФ, Евразия боюнча экс-кеңешчиси Томас Грэмдин The National Interest басылмасына жазган макаласында айтылган.
"Россия максатына жетти десек болот. Эми алардын жеңишин жарыялоого учур келди. Украинанын жакын арада НАТОго кириши күмөн. Америка Кошмо Штаттары менен Европадагы союздаштары Украинаны коргоо үчүн Россия менен согушпай турганын ачык көрсөтүштү. Алар Киевди альянска киргизүү менен жогорудагыдай милдетти өз мойнуна алууга даяр эмес", — деп экс-кеңешчи жазган.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров биринчи себептерин жоймоюнча Украинадагы чатакты жөнгө салууга мүмкүн эместигин белгилеген. Анын айтымында, ириде Россиянын коопсуздугун чайпалткан нерселерди жок кылуу зарыл.
Ал Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Россияга каршы коюлган чектөөлөрдү жокко чыгаруу, Москвага карата козголгон бардык соттук доолорду кайтарып алуу күн тартибиндеги маанилүү маселе экенин белгиледи. Буга Батышта камакка мыйзамсыз алынган россиялык активдерди кайтарууну да кошкон.