"Россия санкцияларды тоготпой калган". Песков Трамптын айтканына үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиянын экономикасы санкция салынган жылдардан бери ага көнүп бүттү, тоготпой деле калды. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ лидери Дональд Трамптын жаңы чектөөлөрдү киргизүү боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Көптөн бери эле канчалаган санкцияларга туш болуп жашап келе жатабыз. Биздин экономика бир топ бөгөттөн, тоскоолдуктардан өтүп келе жатат. Андыктан мындай шарттарга көнүп да калдык, туруштук бере алабыз", — деген Песков.
Эске салсак, 14-июлда Дональд Трамп Москвага 50 күндүк ультиматум коюп, Киев менен тынчтык келишимине жетишүүнү талап кылган. Бирок кечээ бул мөөнөттү 10–12 күнгө чейин кыскартканын билдирди. Эгер бул талаптар аткарылбаса, анда Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык импорттук бажы төлөмдөрүн киргизерин жана Россиядан мунай, газ жана башка энергия булактарын сатып алган өлкөлөргө кошумча санкциялар салынарын жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Өкүнгөн" Трамп Украинада ок атышууну токтотууга он күндүк мөөнөт берди