Октябрда пенсия көтөрүлүшү ыктымал. Өлчөмү жана чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат. Тиешелүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго жетпегендердики 1,10 коэффициент менен индексациялант, бирок 600 сомдон кем эмес болот. Ал эми 50 миң сомдон жогорулардыкы 5000 сомдон ашпашы керек. Ал үчүн болжол менен 2,04 миллиард сомдон ашуун каражат керектелери айтылган.
Ошондой эле пенсия, Конституцияда көрсөтүлгөндөй, жашоо минимумунан — 7 100 сомдон төмөн болбошу керектиги кошумчаланган.
Байсалов: алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөт