Өзбекстан президентинин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту. Алар Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын бекитишти.
1 / 4

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө

2 / 4

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту

3 / 4

Алар Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын бекитишти

4 / 4

Тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусун талкуулашып, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты

Тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусун талкуулашып, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.
Жолугушуудагы талкууланган маселелер:
ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өз ара умтулуу бар экендигин тастыкташты;
эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга биргелешип иштешүүгө даяр экенин билдиришти;
мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктап, жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралардын качан, кандай кылып өткөрүүнү макулдашты.
Садыр Жапаров Чолпон-Атада Эмомали Рахмон менен жолугушту