Ошто судья кылмыш изин жашыруу үчүн алган акчасын үйүнө барып жок кылган

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ошто прокуратура кызматкери менен судья пара алууга шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, прокуратуранын И.С.К. аттуу кызматкери М.Э.М. аттуу жарандан төрт миң доллар алып жаткан кезде колго түшүрүлгөн.
Бул кылмышка Ош шаардык сотунун С.Р.Ш. аттуу судьясынын да тиешеси бар экени айтылды. Ал иликтөө жүрүп жатканын билип калып, алган акчасын үйүнө барып жок кылып келген.
Өзгөндөгү оорукананын башкы дарыгери пара берип жатканда кармалды