БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаарына 120 атайын техника алып келингенин мэрия маалымдады.
Техникаларды сатып алуу үчүн президенттик фонддон 500 миллион сом бөлүнгөн.
"Бул техникалар көчөлөрдү жууганга, кышында карды тазалоого, жолдорго туз себүү жана башка коммуналдык иштер үчүн колдонулат", — деп белгилешти мэриядан.
Жалпысы 21 түрдүү техника, алардын ичинде крандар, SANY жана SHACMAN жүк ташуучу автоунаалары, асфальт төшөгүчтөр жана башка атайын техникалар бар.