БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Такси кызматын мыйзамсыз көрсөткөндөрдү Telegram-каналдар аркылуу аныктоо пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди.
Анын айтымында, бул иштер мамлекеттик кызматтар менен биргеликте жүргүзүлөт.
ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев
© Sputnik / Самрат Карачев
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаарына күн сайын 25-30 миңге жакын айдоочу такси катары кирет. Негизинен алар базар жана автобекеттердин жанында кызмат көрсөтүшөт. Лицензиялоо аркылуу бул багыт тартипке келтирилип, канча компания жана айдоочу иштеп жатканы такталат. Жыл аягына чейин бардык компаниялар катталган айдоочулардын саны тууралуу отчет тапшырышы керек болот", — деди Самбаев.
Ал жүргүзүлгөн иштердин алгачкы жыйынтыктары жыл аягына чейин байкала баштай турганын билдирди.