Пресс-борбор

ОСАГО менен жүргүнчү ташуучулардын камсыздандыруу полисинин айырмасы эмнеде?

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. ОСАГО менен жүргүнчү ташуучулардын камсыздандыруу полиси эки башка нерсе. Бул тууралуу ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул эки нерсени айдоочулар көп учурда чаташтырып жатышат.
"ОСАГО полиси — бул автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Эгер айдоочу жол кырсыгына кабылып, күнөөлүү болсо, камсыздандыруу компаниясы жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берет. Бирок бул полис жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыянды жаппайт", — деди Самбаев.
Ал белгилегендей, эгер айдоочу жүргүнчү ташуучу катары (такси же автобус менен) иштесе, анда жүргүнчүлөрдү өзүнчө камсыздандырышы керек. Бул камсыздандыруу боюнча ар бир жүргүнчүгө (айдоочу күнөөлүү болобу же жокпу — маанилүү эмес) кенемте төлөнөт.
Ошондой эле Самбаев таксисттер үчүн Кыргызстанда лицензия алуу үчүн кандай документтер талап кылынарын эске салды.
Алар төмөнкүлөр:
айдоочулук күбөлүк (кеминде үч жылдык тажрыйба менен);
техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
медициналык маалым кат;
соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
жүргүнчүлөрдү ташууда жоопкерчиликти камсыздандыруу полиси;
ОСАГО полиси.
"Бул жерде такси үчүн тажрыйба айдоочулук күбөлүк алган күндөн тарта эсептелерин, ал эми микроавтобус жана автобус айдоочулары үчүн үч жылдан кем эмес кесиптик тажрыйба талап кылынарын тактап коюу зарыл", — деди Самбаев.
Лицензиясыз жүргүнчү ташууга 7,5 миң сом (юридикалык жактарга 23 миң сом) айып каралганы кошумчаланды.
Таза кийинип, соттолбошу керек. ИИМ такси айдоочуларына карата эреже иштеп чыкты