БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Үйгө уулуу, жырткыч жаныбарлар менен куштарды уруксатсыз багууга болбойт.
Мындай талаптар Бишкекте жаныбарларды асыроо жана мал жаюу жобосунда жазылган. Документ шаардык кеңешке коомдук талкууга чыгарылды.
Жободогу урунттуу учурлар:
бир нече бүлө жашаган үйдө (батирде) жаныбар жана куш багуу үчүн бардык жашы жеткендерден уруксат алуу зарыл;
макулуктарды уруп-согуп, кордоого жол берилбейт;
үйгө уруксаты жок уулуу, жырткыч жаныбарларды жана куштарды багууга болбойт;
оргума, бассейн, суу түтүк, көл жана башка коомдук жайларда жаныбарларды жана куштарды жуунтууга тыюу салынат;
соода жана тиричилик кызмат көрсөтүү мекемелеринде, көчөлөрдө, газондордо, балдар аянтчаларында, пляждарда, скверлерде, сейил бактарда жана жарандардын эс алуусу үчүн арналган башка коомдук жайларда жаныбарларды жана канаттууларды кармоого, жетелеп жүрүүгө жана жаюуга тыюу салынат;
жаныбарларды кыйнаган шаңдуу иш-чараларды уюштурууга (согуштуруу) болбойт;
коргонуудан башка учурда жаныбарды адамга же башка жаныбарга карата тукурууга жол берилбейт;
ээси ит-мышыктарды, жаныбарларды өз учурунда эмдетүүгө милдеттүү;
иттин тумшугуна атайын тосмо тагып гана сейилдетүү керек жана коомдук жайларга киргенде тышка калтыруу зарыл;
жаныбарларды сейилдетип жүргөндөр сөзсүз кыгын тазалай кетүүгө милдеттүү;
23:00 – 7:00 ортосунда жаныбарларды сейилдетүүдө тынчтыкты камсыз кылуу зарыл;
жаныбарлар өлгөндө өлүгүн атайын органдарга өткөрүп берүү керек;
Көчөдөгү ит-мышыктарга тамак берүүгө болбойт. Ошол эле учурда жаныбарларды жана алардын балдарын кароосуз таштап кетүүгө жол берилбейт.