БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Камчаткада магнитудасы 8,7ге жеткен жер титирөө болгонун РИА Новости билдирди.
Бул 1952-жылдан берки, тагыраагы, 70 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала экени айтылууда.
Россия Илимдер академиясынын бирдиктүү геофизикалык кызматы федералдык изилдөө борборунун маалыматына таянсак, афтершок процесси азыр күчөп турат.
"Катуу афтершок процесстери күчөп жатат, бул Петропавловск-Камчаткада кыйла байкалууда. Сезилерлик афтершоктор дагы бир айдан кем эмес убакытка уланып турат", — деп аталган борбордон айтышкан.
Камчаткада, Курил аралдарында, Аляскада, АКШнын Калифорния жана Орегон штаттарында цунами болору күтүлүүдө.
Анткен менен анын биринчи толкуну Түндүк Курил аймагына чейин жетип, калктуу конуштарды жана балык иштеткен ишканаларды каптап кеткен. Эл эвакуацияланууда. Андан сырткары, цунами Япониянын Хоккайдо аралдарына чейин жетип, бийиктиги 30 сантиметрге чукулдагандыгын айтышты.
Сахалин облусунун прокуратурасы жер силкингенден кийин Курил аралдарындагы элдин абалын билип, көзөмөлгө алып туруш үчүн атайын байланыш телефон номерин ачты.
Ал арада Айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө жана гидрометеорология боюнча башкармалык төрт метрге чейин жеткен цунами толкунун каттаганы айтылды.
Жарым аралдагы бала бакчалардын биринде дубал урап түшкөн. Окуя болгон учурда ал жерде эч ким болгон эмес.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Камчаткадагы жер титирөөдөн жабыркагандар жок.