Борбор Азияга чет элдик түз инвестициялардын таза агымынын өсүшү кандай өзгөрдү

Sputnik
Чет элдик инвестициялардын агымы Казакстанга эмне себептен кескин төмөндөдү? Терс баланс эмнеден улам пайда болгонун Sputnik Ближнее зарубежье агенттигине "Эксперт РА" рейтинг борборунун көз карандысыз жана аймактык рейтингдер боюнча серепчиси Кирилл Лысенко түшүндүрдү.
Борбордук Азияга чет элдик түз инвестициялардын таза агымынын өсүшү кандай өзгөрдү
Анын айтымында, 2018-жылдан бери чет элдик түз инвестициялардын таза агымы негизинен реинвестициялардын эсебинен камсыздалып келген. Ал эми чет элдик түз жаңы инвесторлордун салымдарды таза пайдасынан карай келгенде терс мааниге ээ болгон. 2024-жылы реинвестициялык агымдардын төмөндөшү биринчи кезекте мунай, газ тармагында байкалган.
Бул ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ортодо боло калган тыныгуу эмне берди? Эксперт 2024-жылга карата Теңгиз кенин кеңейтүү боюнча негизги иштер аяктагандыгын, жакында мындай ири көлөмдөгү жаңы долбоорлор күтүлбөстүгүн айткан.
"Мындан тышкары, Казакстан жаңы долбоорлор боюнча тандалма мамилеге өтүп, артыкчылык улуттук компанияларга берилүүдө. Маселен, Карачаганактагы газды кайра иштетүүчү завод боюнча республика Eni жана Shell менен кызматташуудан баш тартты. Балким, тандоо "Казмунайгазга" түшкөн окшойт", — деп эксперт белгилеген.