Радио

Туркебекова: быйыл ишке орношкондордун саны 17 пайызга өстү

Эмгек министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова каттоодогу жарандардын 85 пайызынын кесиптик билими жоктугун айтты.
Sputnik
Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарында учурда жумуш издеп кайрылган 65 миң 422 жаран каттоодо турат. Жарым жыл ичинде министрликтин кызматкерлери 16 миңден ашык бош жумуш ордун аныктап, ал орундарга 7 630 жаран ишке орноштурулду. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Туркебекованын айтымында, жакырчылыкты азайтуу үчүн жумуш орундары түзүлүп, бул багытта бардык министрликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип иш алып барышы керек.
"Кесиптик билими жок жарандарыбызды эмгек рыногуна интеграциялоо кыйын. Ошондуктан аларды алгач кесиптик окууга, кыска мөөнөттүү курстарга жиберип жатабыз. Андан кийин гана жумуш берүүчүлөр менен байланыш түзүлөт. Бүгүнкү күндө курулуш жана жеңил өнөр жай тармактарында кадрлар жетишпей жатат. Бирок биз жарандарды бул тармактарга иштөөгө мажбурлабайбыз. Иш берүүчүлөр жакшы шарт түзүп, жогору эмгек акы сунуштаса, жумушчулар өздөрү кызыгат. Анткени чет өлкөгө иштегени кеткендердин көбү жогорку маянага байланыштуу чыгып кетишет. Жыл башынан бери 3 824 адам кесиптик окутуудан өтүп, алардын 60 пайызы алган кесиби боюнча ишке орношту. Мындан тышкары, коомдук жумуштар аркылуу 5 738 жаран убактылуу жумуш менен камсыздалды. Жалпы ишке орношкондордун саны былтыркыга салыштырмалуу 17 пайызга өстү", — деди Туркебекова.
Ал ошондой эле жумушсуздардын 65 пайызын аялдар түзөрүн, анын ичинде жаштар көп экенин кошумчалады.