БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Борбор калаанын түндүк тарабындагы айланма жолго асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Жолдогу автоунаалардын көптүгүнөн улам асфальтты бир жагына гана төшөп жатышат.
Эске салсак, трассаны кеңейтүү иштери өткөн жылы башталып, алты тилкелүү болору айтылган. Учурда 150 атайын техника колдонулуп жатат.
Узундугу 33,4 чакырым жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, тротуар жана байламта жолдорду куруу пландалган. Бул жол менен шаардыктар "Дордой" базарына барса, уландысы Бишкек — Торугарт трассасына кошулат. Жолду кеңейтүү үчүн 300дөн ашык мыйзамсыз курулуш алынып, трасса жээгине тротуар түшөрүн айтышкан.
2025-жылы Алматы — Бишкек — Ташкент жолунун алты чакырымы жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде эки деңгээлдүү төрт жол түйүнүн куруу каралган.
Министрлик быйыл 15 чакырым жолду асфальттоону пландаган. Иш Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясына жүктөлгөн.