БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бейшембиде республиканын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жамгыр жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө 23...28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 31…33, Ош шаарында 32…34 градуска чыгат.
Нөшөргө байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.