Кыргызстандык окумуштуулар мындан 165 миллион жыл мурда жашаган динозаврдын калдыктарын табышты. Тарыхый ачылыш болгон Таш-Көмүр шаарынан сырткары дагы мындай сырды катып жаткан өлкөдө 30дан ашуун жерлер болушу мүмкүндүгүн айткан окумуштуулар, Кыргызстандын аймагынан динозаврлардыф изилдөө СССР учурунда башталганын билдиришти. Бул табылга "Манас" эпосундагы алп кара куштун ысымын алып, Alpkarakush kyrgyzicus деп аталды. Илимге мурда белгисиз болгон динозаврдын бул түрү теропоттор түркүмүнө кирип, алар жырткыч болушкан. Илимпоздор калдыктары табылган динозаврдын узундугу 7-8, бийиктиги 3 метр болгонун божомолдошууда.