Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары акысыз юридикалык жардам ала алышат. Президент юридикалык жардам тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, эми алар киреше деңгээлине карабастан, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тактап айтканда ажырашуу, ата-эне укугунан ажыратуу, алимент өндүрүү, баланын жашоо жери жана аны менен жолугуу тартибин аныктоо сыяктуу иштерде акысыз жардам берилет. Мындан тышкары, балдардын материалдык камсыздалышы, турак жай маселелери жана билим берүү жайларында окуган балдарды багуу боюнча иштер да камтылган.
Юридикалык жардам алганда кандай документтерди даярдоосу керек? Мындай акысыз жардамды кимдер ала алышат? Жыл башынан бери канча адам юридикалыкжардам алды?
Ушул жана башка суроолорго "Спутниктен сүйлөйбүз" прогрмаммасынан жооп ала алдык.