Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөр талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынганын минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга келген саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери өкмөт башчыга өлкөдөгү дарыгерлердин жетишсиздиги, ак халатчандардын айлыгынын аздыгы, медициналык имараттардын абалы жана медициналык жабдыктардын тартыштыгы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле Кыргызстанда калкты дарыгерлер менен камсыздоо деңгээли КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн экени кошумчаланды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинин баяндамасын уккан соң кемчиликтерди жоюу максатында протоколду бекитти. Анда медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү, кадрлар менен камсыз кылуу маселесин чечүү сунуштарын киргизүү, дарыларды, медициналык жабдууларды сатып алууга жана саламаттык сактоо объектилерин капиталдык оңдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү камтылган. Ошондой эле жеке менчик медициналык уюмдарга жана аларда иштеген дарыгерлерге лицензиялык талаптарды, жоопкерчиликти күчөтүү тапшырмасы коюлду. Адылбек Касымалиев президенттин 2026-жылдан тарта дарыгерлердин айлыгын көтөрүү тапшырмасын эске салып, ал жаатта иштер жүрүп жатканын белгиледи.
1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат. Тиешелүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго жетпегендердики 1,10 коэффициент менен индексациялант, бирок 600 сомдон кем эмес болот. Ал эми 50 миң сомдон жогорулардыкы 5000 сомдон ашпашы керек. Ал үчүн болжол менен 2,04 миллиард сомдон ашуун каражат керектелери айтылган. Ошондой эле пенсия, Конституцияда көрсөтүлгөндөй, жашоо минимумунан — 7 100 сомдон төмөн болбошу керектиги кошумчаланган.
Ички иштер министрлиги Ош шаарында экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалганын билдирди. “Буга чейин зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткени маалымдалган. Аталган факт боюнча дароо издөө иш-чаралары уюштурулуп, шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта. Министрлик шектүүнү коштоп жүргөн жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык текшерүү башталганын кошумчалады. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Камчаткада магнитудасы 8,7ге жеткен жер титирөө болгонун РИА Новости билдирди. Бул 1952-жылдан берки, тагыраагы, 70 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала экени айтылууда. Россия Илимдер академиясынын бирдиктүү геофизикалык кызматы федералдык изилдөө борборунун маалыматына таянсак, афтершок процесси азыр күчөп турат. "Катуу афтершок процесстери күчөп жатат, бул Петропавловск-Камчаткада кыйла байкалууда. Сезилерлик афтершоктор дагы бир айдан кем эмес убакытка уланып турат", — деп аталган борбордон айтышкан. Камчаткада, Курил аралдарында, Аляскада, АКШнын Калифорния жана Орегон штаттарында цунами болору күтүлүүдө.