Кыргызстанда жайында көп адамдар эмгек өргүүсүнө чыгышат. Анткени бул мезгил эс алууга ылайыктуу. Ошону менен катар жайында убактылуу ишмердүүлүгүн токтотуп, жалпы кызматкерлерин эс алууга чыгарган мекемелер да кездешет.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул эмгек өргүүсүн алууда жумушчулардын укуктары так сакталып жатабы? Эмгек өргүүгүсүнө чыгарда эмнелерди эске алуу керек?
Ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Программанын бул жолку коногу Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу.