Ысык-Көлдүн түбүнөн тарыхый баалуу буюмдар табылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдү балык кармаган тордон тазалап жаткан ӨКМдин суучулдары суу түбүнөн баалуу буюмдарды жана сыныктарды алып чыкты. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.
Тарыхый табылгалар 15-20 метр тереңдикте жаткан. Алардын канчанчы кылымга таандык экени азырынча белгисиз.
Бул баалуу буюмдар Улуттук тарых музейине өткөрүлмөкчү. Тарыхый табылгаларды суучулдар Көлдүн кайсы жеринен алып чыкканы так айтылган эмес.
Илимдер академиясы Таш-Көмүрдө табылган динозаврлардын калдыктарын көрсөттү