Украиналыктар Запорожье АЭСинин кызматкерлерин коркутканын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Украиналыктар социалдык тармактарда Запорожье АЭСинин кызматкерлерин коркутуп жатат. Бул туурасында Россиянын Венада турган эл аралык уюмдардагы атайын өкүлү Михаил Ульянов "Россия сегодня" маалымат борборунда айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Алар тигил же бул кызматкерлерге, ал тургай официанттарга алардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирип коебуз деген маанайда опузалашкан.
Ульянов кызматкерлер өздөрү жана үй-бүлөсү жашаган Энергодарды аткылап келишкенин, бирок МАГАТЭнин баш директору бул фактыга маани бербей жатканын белгилеген.
"Ошол эле учурда Гросси Киевдин көзөмөлүндө турган АЭСтердин жанынан жумасына бир жолу белгисиз бир ракета же дрон бир нече чакырым аралыкта учарын айтып берет. Ошентсе да электр станциясындагылар жалпысынан өздөрүн коопсуздукта турабыз деп сезүүдө. Ал жакта жүргөн МАГАТЭ кызматкерлерине атайын шоу уюштурулат. Сиренанын үнү жаңырат, бомбадан коргонуучу жайга кирүү талап кылынат. Украиналыктардын Запорожье АЭСине жана анын айланасына кылгандарынан айырмаланып бул станцияларга эч ким кол салбайт", — деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москва Киевдин Энергодарга жана Запорожье АЭСине жасаган чабуулун айыптоого чакырды